Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы каттоодон өтө элек мечиттер боюнча чукул жыйын өткөрүлдү

Ош облусунун Өзгөн райондук хатибиятында Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы эсептик каттоосунан өтө элек мечиттердин имамдарына жыйын болуп, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Сатаров, эки райондун хатибият кызматкерлери жана имамдары катышты. 

Жыйында облус казысы облус аймагындагы мечиттерди каттоодон өткөрүү менен хатибияттардын документ иштерин тартипке келтирүү зарыл экендигин айтты.

«Эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатат. Ар бир мечит имамы өз мечити жана жамаатына күйүп чуркаса гана процесс оң жагына чечилет. Имам менеджер болушу керек. Сиздер жамаатты уюштуруп, тез арада каттаңыздар», – деди облус казысы. 

Эскерте кетсек, жыйындын жүрүшүндө ысырапкорчулуктун кесепеттери жана салттуу эмес багыттардын кооптуулугу боюнча да сөз болуп, дин кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.