Үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү Москва шаарындагы бардык мечиттерде Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин рухтарына багышталып Куран окулат. Мындай чечим Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалы жана КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин сунушунун негизинде Россия Муфтийлер Кеңешинин жана Россия мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Муфтий шейх Равиль Гайнутдин жана Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов тарабынан кабыл алынды.
Эскертүү: Жол кырсыгынан көз жумган мекендештерге Куран окуу 26-август күнү жума намазынан кийин Москва шаарындагы бардык мечиттерде башталат.