Баткен облусунун казысы жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибизди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибиздин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Баткен облусунун казы Нурдин ажы Мамасабиров  дин кызматкерлери катышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында облус казысы  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин жана жалпы мусулмандардын атынан сабырдуулук тилеп, көңүл айтты.

Ошондой эле облус аймагындагы дин кызматкерлери тарабынан хатм Куран окулгандыгын жана мечиттерде мекендештерибизге арналып дубалар кылгандыгын белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, эртең, 26-август күнү Москва шаарындагы бардык мечиттерде жол кырсыгынан көз жумган мекендештерге жума намазынан кийин Куран окулмакчы.