Алай районунда «Медресе ислам» окуу борбору ачылып, пайдаланууга берилди

Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүндө «Медресе ислам» окуу борбору салтанаттуу түрдө ачылды. Мекеменин ачылышына облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу, дин кызматкерлери жана айыл өкмөт тургундары катышты.

«Окуу борбордун артыкчылык жактары көп. Каалаган жаран каалаган убагында келип, диний билим ала алат. Ушул борборду ачууга жан үрөгөндөргө, колдоо көрсөткөн жаштардан Алла Таала ыраазы болсун», – деп билдирди Сайдамир ажы.

Саамалыктын жүрүшүндө илим алуунун артыкчылыктары; салттуу эмес багыттардын жана экстремисттик көз караштардын зыяндуулугу; диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат; ысырапкорчулуктун кесепеттери жана диний идараларды каттоодон өткөрүүнүн зарылдыгы айтылды.