Бишкек гарнизонунун аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн жоокерлерге түшүндүрүү иштери башталды

Өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын көбөйүшүнө, ошондой эле аскер кызматкерлеринин ортосундагы мамилелердин уставдык эрежелерин бузуунун алдын алуу  жана бөлүктөн өз алдынча чыгып кетүү фактыларына жол бербөө максатында  Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер кызматчыларынын өздүк курамынын арасында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун өкүлү Гүлбарчын Ормонбекова, жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин өкүлү Уулкан Байкубатова жана Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлү Тилек Турусбековдун катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек гарнизонунун аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн жоокерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иш-чарасы Бишкек Гарнизонунун Аскер Прокуратурасы тарабынан демилгеленген.