Жөнөкөйлүк адамдын жылдызы

Ислам дининде адамдардын жүрүм-туруму, адеп-ахлагы жана жөнөкөйлүгүнө боюнча өзгөчө маани берилет. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Ислам бул жакшы кулк-мүнөз”-деп айткан. Ошондой эле, Аллах Таала Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) кулк-мүнөзүн мактап, Кереметүү Куранда Калам сүрөөсүнүн 4-аятында “Сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң” – деп айткан.


Жөнөкөй адам башкаларга артыкчылыктары же жетишкендиктери менен мактанып, текеберленбейт. Илимдүү адам адеби мыкты болсо, аны мөмөлүү дарак сыяктуу элестетүүгө болот. Дарактын мөмөсү канчалык көп болгон сайын жерге карап ийилип турат. Илимдүү адамда канчалык көп билген сайын дагы да көбүрөөк окуу керектигин түшүнүп, эч нерсе билбеген адам сыяктуу өзүн ылдый алып, көп маселелерде сөз талашпайт. “Өзүңдү эр ойлосоң да, өзгөнү шер ойло” – дегендей эле, бир эле менин колумдан келет деп мактанып, текеберленбөө керек.  Ийгиликке жетишем десең, жөнөкөй болгонду үйрөн. Анткени бийик тоого чыгып бараткан адам ийилип баскандыктан, аз күч жумшайт. Эгерде бийик тоого текберлене тик туруп басам десеңиз, арты көздөй кулап түшүүңүз мүмкүн. Текебер адамды Аллах Таала да жактырбайт. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда:

«Адамдарга кекирейбе жана жер үстүндө текеберлене баспа. Акыйкатта, Аллах бардык мактанчаактар менен кекирейгендерди сүйбөйт» (Лукман сүрөөсү 18-аят)

Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
«Кимдин жүрөгүндө кыпындай текебердик болсо, анда ал бейишке кирбейт» – деп айткан. (Муслим)

Ийгиликке умтулууда улуулардын кеп-кеңештерине кулак салыңыз. Акылдуу карыя агып турган дарыя дегендей эле, алардан көп нерсени үйрөнүү мүмкүн. Эгерде адам баласы бир нерсе үйрөнүүгө аракеттенсе, айланасын карап, жаратылыштан баштасын. Анткени жаратылышта эң чон үлгүлөр бар. Айта кетсек, терек бир нече жылды бой тартып, башка мөмөлүү дарактарга салыштырмалуу эрте жетилет. Бирок анын мөмөсү жок болгондуктан, аны бир гана курулуш иштерине колдонуу үчүн пайдаланышат. Бул жашоода да, тез ийгиликке жетем деп, башкалардын болбогон иштери үчүн куурчак болуп калууңуз мүмкүн.

Жөнөкөй адамдын эмгектери мактанбай калса эле, эл аны билбей унутулуп кетпейт “Эл эмгегин жер жебейт” деген сыяктуу, анын эмгектери башкалар тарабынан мактоого алынат. Өзүнү мактагандан өмүр бою кач же болбосо өзүңдү мактаба, өзгөлөр сени мактасын деп да айтылат. Ошондуктан, жөнөкөйлүк адамдын жылдызы деп эсептелет.

Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Акпарали уулу Алибек