Муфтияттын кадр жана катчылык бөлүмүнүн башчысы Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын иш кагаздарын текшерди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кадр жана катчылык бөлүмүнүн башчысы Абдугапар ажы Койчукулов Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында шаардык казыяттын иш кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп, кеп-кенешин жана  сунуштарын билдирди

«Кадр жана катчылык боюнча жүргүзүлгөн иштер жалпысынан алганда жакшы. Мындан дагы  мыкты болуусу үчүн талыкпай эмгектенип, жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам», — деди Койчукулов.