Араван районундагы каттоодон өтө элек диний объектилерди каттоо процессин ыкчамдатуу боюнча тапшырма берилди

Ош облусунун Араван райондук хатибиятында эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча талкуу болуп, ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков, Араван районунун акиминин орун басары Музаффар Мамасаитов жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу катышты.

«Азыр райондо 20 дан ашуун мечит каттоодон өтпөй турат. Булардын ичинен экөөнү каттоодон өткөрүү мүмкүн эмес. Себеби, кызыл чийинде турат. Башкаларын каттоо да кечеңдеп жатат. Кечеңдөө себептерин тактап, тез арада өткөрүү кажет», – деди Алибек ажы.

Ал эми акимдин орун басары Музаффар Мамасаитов бул жаатта колдон келишинче жардам берерин айтып, баш имам-хатиб Максат кары Сидиковго сунуштарын берди.