Аксы районунун Жаңы айылындагы эскилиги жеткен “Каратай ажы” мечитинин ордуна жаңы мечит курулуп, элдин пайдалануусуна берилди

Жалал- Абад облусунун  Аксы районундагы Жаңы айылына 1990-жылдары курулган “Каратай ажы” мечитинин эскилиги жетип, “Ассанабил” фонду тарабынан кайрадан курулуп, салтанаттуу түрдө ачылыш аземи болуп өттү.

Мечиттин ачылышына аалымдар кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, “Ассанабиль” фондунун өкүлү доктор Махмуд Башир, райондун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков, айыл өкмөттүн башчысы Камчыбек уулу Шекербек жана жергиликтүү тургундар катышты. Ал эми дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов мечит куруунун сооптору тууралуу баян кылып,  динибизде парз болгон беш маал намазды мечитте окуганга чакырды.