Алипбай ажы Борошбаев: улуттук жана руханий нарктарды, салт-санааларды жана үрп-адаттарды үйрөтүүчү мектеп үйдөн башталуусу керек

Жалал- Абад облусунун Токтогул районунун баш имам-хатиби Алипбай ажы  Борошбаев айыл аксакалдары, имамдар жана айыл башчылары менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №1 фатвасын элге жеткирүү керектигин билдирди.

«Өлкө башчынын жарлыгы менен муфтият тарабынан чыккан фатваны ар бирибиз айыл аймактарындагы карапайым элге жеткирели. Бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге иштеп, коомчулукка ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун түшүндүрөлү»,-деди Алипбай ажы  Борошбаев.

Муну менен катар жыйында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууда атайын мечиттерде баяндамаларды өткөрүү маселеси сунушталды.  

«Үй — бүл бир элди эл кылган улуттук жана руханий нарктарды, салт-санааларды жана үрп-адаттарды үйрөтүүчү мектеп болуп эсептелет. Жаратканды жана мекен алдындагы милдеттерибизди алгач ушул мектептен үйрөнүшүбүз керек. Андыктан ар бирибиз бала тарбиялоодо кайдыгер болбойлу!»,-деди Токтогул районунун баш имам-хатиби.