Ош облусунун казысы Россиядагы үрөй учурган кырсыктан каза болгон Уулкан Сулайманованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, маркумга багыштап Куран окуду

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Орусиянын Ульяновск облусундагы катталган жол кырсыгында каза болгон Уулкан Сулайманованын үй-бүлөсүн зыярат кылып, маркумдун арбагына багыштап Куран окуду.  

«Алыс сапарда иштеп жүргөн  мекендештерибиздин капилет кырсыктан каза табышы кыргыз элин, анын ичинде бизди терең кайгыга салды. Биз облус боюнча 149 хатм кылып, сообун маркумдарга багыштадык. Оор кырсыктан каза болгон бир боорлорубузга шейиттик даража тилеп дуба кылабыз» – деди облус казысы.  

Эске салсак, 21-август күнкү кырсыкта 14 мигрант каза болсо, алардын бешөө Ош облусунан болчу.

Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын тургуну Уулкан Сулайманованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров катышса, Араван районунун Гүлбахар айылынын тургундары Жакыпбек Абдулхамид уулу жана Сыймыкбек Кутманали уулунун жаназасын казы орун басары Алибек ажы Жусупов окуган.

Ал эми Ноокат районунун Муркут айылынын тургуну Диана Бекмурзаеваны акыркы сапарга узатууга райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев барса, Кара-Кулжа районунан Элнура Мусабаеваны жерге берүүгө райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Сатаров катышты.

Бөөдө кырсыктан мерт кеткен Ош облусунун тургундарынын жакындарына казыят тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, кырсыкка байланыштуу 23-августта Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.