Азирети муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев иш сапары менен Нарын облусуна барып, казыяттын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев иш сапары менен Нарын облусуна барып, Нарын казыятынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.  Облус казысы Эрик ажы Молдокулов облустагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, диний окуу жайлардын жаңы окуу жылына даяр экендигин маалымдады.

«Нарын облустук мусулмандарынын казыяты айыл аймактагы карапайым тургундарга өлкө башчынын жарлыгын жана муфтият тарабынан чыгарылган фатваны туура түшүндүрүп, ысыраптын шарияттагы ордун айтуу керек. Муну менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мечиттердин каттоосун тездетип, тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Ошондой эле алыскы аймактардагы имамдарыбыздын билимин жогорулатууда 3-5 күндүк окууларды өткөрүп, алардын квалификацияларын жогорулатып туруубуз зарыл»,-деди  Самидин кары Атабаев.

Казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышууга КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов катышты.

«Казыят жыл башында план бекиткен. Учурда дал ушул пландын алкагында терс диний агымдардын алдын алуу жана калк арасында ысырап, адеп-ахлак жана дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу багыты боюнча иштеп келе жатабыз. Өлкө башчынын жарлыгын жана КМДБ тарабынан чыккан фатваны жеткирүүдө бардык аймактагы имамдарыбызга тапшырмалар берилген»,-деди облус казысы.

Андан соң Азирети муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев  Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы балдар медресесинин окуу планы менен таанышышып, жаңы тапшырган студенттери менен жолугуп, жаш муундарга билим алуунун пайдаларын айтып берди.

«Нарында кыш катаал болот эмеспи. Андыктан мечиттерди жана диний окуу жайларды кышка карата жакшы даярдоо керек. Бул боюнча Азирети Муфтийдин дагы тапшырмасы бар. Ошондой эле Нарындагы мечиттердин дааратканаларына жакшы көңүл буруп, эскиргендери болсо жаңылап, жакшы шарттарды түзүү керек»,-деди Самидин кары Атабаев.