Баткен шаарындагы медресе мугалимдери 5 күндүк окуудан өтүшөт

Баткен шаарындагы  «Муаз ибни Жабал»  медресесинде  мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында 5 күндүк окуу семинары башталы. Семинардын башкы максаты мугалимдердин билим берүү сапатын жогорулатуу жана студенттер менен иш алып барууну өркүндөтүү болуп саналат.

“Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багытында уюштурулган окуу семинары «Муаз ибни Жабал»  медресеси тарабынан демилгеленип, учурда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев сабак берүүдө.  Мугалимдер  Ханафий мазхабы  жана Матрурудий акыйдасын терең өздөштүрүшүүдө”,-деди окуу жайдын мүдүрү Султанмурат ажы Исираев.