Ош облусунун казысы Ноокат районуна иш сапары менен барып, мечиттердин эсептик каттоосу боюнча жыйын өткөрдү

Ош облусунун Ноокат райондук хатибиятында эсептик каттоосунан өтө элек мечиттердин имамдарына​ багытталган жыйын өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов, Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев баштаган хатибият аппараты жана имамдар катышты.​

Жыйында каттоодон өтө элек мечиттердин катталбай жаткан себептери боюнча мониторинг жүргүзүлүп, документтештирүүнүн оптималдык жолдорун издөө жана тез арада каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, жыйындын экинчи бөлүгүндө ысырапкорчулуктун жана экстремизмдин алдын алуу багытындагы иштер каралып, бир катар тапшырмалар берилди.