Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров аймактардагы имамдар менен жолугушууларды өткөрүп, Муфтият тарабынан берилген тапшырмаларды текшерүүдө

 Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров аймактардагы имамдар менен жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалар менен тааныштырды. Муну менен катар облус казысы  мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, окуу борборлорун уюштуруу жана көзөмөлдөө, мечиттердин тазалыгы жана имамдын кызматына тактыгы, ысырапкорчулукту токтотуу боюнча бир катар маселелер каралды.

Жолугушуу суроо-жооп менен уланып, имамдардын сунуш-пикирлери айтылды. Ал эми Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган баш имам-хатибдерге  эскертүү берип, мындан ары активдүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев 17-августта облус казыларынын отчётторун угуп, бир катар тапшырмаларды берген болчу.