Ошто «Имам Сарахсий» аттуу илимий конференция өттү

Бүгүн, 27-август күнү Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында «Имам Сарахсий» аттуу илимий конференция болуп, ага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов катышты.

Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Гайе фондунун негиздөөчүсү профессор Мустафа Жавет Акшит, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ)  башкы катчысы Султан Раев, Памуккале университетинин ректору Ахмет Кутлухан, Евразия жазуучулар союзунун башчысы Якуб Өмероглу, дин аалымы Ниязали ажы Арипов жана Оштогу жалпы дин кызматкерлери катышты.

Аталган конференцияда белгилүү дин аалымы имам Сарахсийнин өмүр баяны, илимий эмгектери боюнча баяндамалар жасалды.