Жылалды айыл өкмөтүндө маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Өзгөн райондук хатибияты жана Жылалды айыл өкмөтүнүн демилгеси менен маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жээнбаев жана айыл тургундары катышты. 

Жолугушууда Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ыксыз чыгым жана ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу зарыл экенин белгиледи.