Ош облусунун казысы Кара-Суу районундагы каттоодон өтө элек мечит имамдарына 1 ай мөөнөт берди

Ош облусунун Кара-Суу районунун борбордук «Исмаил ата» мечитинде райондогу эсептик каттоодон  өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров баштаган хатибият аппараты, райондук архитектура жана курулуш башкармасынын башчысы Алтынбек Анарбаев, “Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынын башкы адиси Абдиллажан Нурматов жана мечит имамдары катышты. Жыйында каттоодон өтпөй турган ар бир мечит боюнча маалыматтар такталып, документтештирүүнүн кечигүү себептери боюнча талкуу болду.

«Бүгүнкү күндө райондо 23 мечит эсептик каттоодон өтпөй турат. Ар бир мечит имамы күйүп чуркабаса, маселе өзүнөн-өзү чечилип, каттоодон өтүп калбайт. Бир айдын ичинде каттаңыздар», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Жыйындын жүрүшүндө ысырапкорчулуктун жана экстремизмдин кесепеттери боюнча сөз болуп, бул жаатта да үзгүлтүксүз иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Эске салсак, облус казысы каттоодон өтө элек мечиттер боюнча райондорго иш сапары менен чыгууда.