Араван районунда ысырапкорчулукту токтотуу маселеси каралды

Ош облусунун Араван районундагы борбордук «Ар-Рахман» мечитинде дин кызматкерлерине багытталган жыйын  өттү. Жыйынга Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков, Араван районунун акиминин орун басары Музаффар Мамасаитов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу, укук коргоо органдары жана дин кызматкерлери катышты.

«Алдыда күрдөлдүү күз мезгили келе жатат. Берекелүү бышыкчылык маалында ысырапка жол берилип кетиши мүмкүн. Ошого биз, дин кызматкерлери катары түшүндүрүү иштерин күчөтөлү», – деди казынын орун басары.

Жыйында радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча сөз болуп, салттуу исламдын артыкчылыктары боюнча маалыматтар берилди.