Бишкек шаарынын казысы мечиттердин каттоо иштерине кайдыгер караган имамдарга эскертүү берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов ордо калаадагы каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов катышып, документтерди туура бүткөрүү жана мечиттерди каттоо иштеринде жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

« Урматтуу имам-хатибдер! Мечиттерди  каттоодон өткөрүү боюнча эң артта келе жатабыз. 2022-жылдын эсебинен бир да мечит каттоодон өтпөгөнү маалым болду. Эмне себептен аракет болбой жатат? Документ кайсы процессте же болбосо кайсыл жерде маселе жаралууда? Ушул боюнча отчёт бериңиздер! Ар бирибиз каттоо иштерине кайдыгер карабай, мечиттердин  документ иштерин тез арада иретке келтириңиздер»,- деди шаар казысы.

Жыйынтыгында каттоо иштерине активдүү катышпаган жана ишине кайдыгер болгон    имамдарга эскертүүлөр берилди.