Ноокендин Кызыл-Кыргызстан айылында «Жолдош-Ата» мечити ишке берилди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагындагы Кызыл-Кыргызстан айылында «Жолдош-Ата» мечити Сауд Араб Падышалыгындагы ишкер доктор Мухаммад Саид тарабынан курулуп, баш-имам хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков,  Сакалды айыл аймагынын башчысынын орун басары Элбек Исмаилов  жана аксакалдар, жергиликтүү тургундардын катышуусунда пайдаланууга берилди.

Заманбап мечиттин ачылыш салтанатына келген айыл тургундары мечит ыймандын очогу, жаштардын адеп-ахлагын оңдоого салым кошооруна тилектештигин билдиришти.

«Мечиттин ичин кооздоочу-бул адамдар болот. Андыктан мечитти таза кармап, өзүбүздүн ибадатыбызды кылалы. Терс диний агымдардын алдын алып, жаштарга туура диний баалуулуктарды жеткирели. Тарбияны үйдөн баштап, эгер суроо жаралса анда расмий дин кызматкерлери кайрылыңыздар»,-деди Тынчтыкбек ажы Шаиков.