Бишкек шаардык казыяты калаадагы мечит, медресе, окуу борборлордун, намазканалардын ишмердүүлүгүн жана документтерин текшере баштады

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты калаадагы мечит, медресе, окуу борборлордун, намазканалардын ишмердүүлүгүн жана документтерин  текшерип, имамдарга бар катар тапшырмаларды берүүдө.

«Бүгүн Асанбай кичи районунда жайгашкан «Асанбай» намазканасынын ишмердүүлүгүн текшердик. Мындан ары Бишкек шаардык казыятка караштуу болгон шаарыбыздагы жалпы мечит, медресе, окуу борборлору, намазканаларды текшерип, алардын документтерин карап чыгабыз. Муну менен катар тазалыктарын карап, имамдарга тиешелүү тапшырмаларды берип жатабыз» -деди казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев.