Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалды талкуулашты

Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков казыят кызматкерлери менен биргеликте райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген фатвалардын аткарылышы, садака-фитирдин таратылуусу, мечиттердин каттоосу жана кышка даярдыгы, окуу жайлардын программаларын текшерүү жаатында аткарылып жаткан иштердин отчётун укту.

Облус казысы мечиттердин айланасын тазалап, кыш мезгилине карата даярдыкты баштоо керектигин, жаңы окуу жылын утурлай диний окуу жайлардан кабар алууну тапшырды. Муну менен катар Нематулла ажы Жээнбеков жол боюндагы мечиттердин дааратканаларын иретке келтирүү жана оңдоп-түзөө керектигин баш имам-хатибдерге милдеттендирди.

“Мечиттердин каттоосу боюнча ишибизди жандантуу менен кыш мезгилине даярдыкты азыртан баштайлы. Жаңы окуу жылы кирип келди. Окуу программаларды текшерүүдөн өткөрүп, студенттерге жакшы шарттарды түзөлү. Ошондой эле мечиттердеги дааратканаларда шарттарды жакшыртып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөлү”,-деди облус казысы.