Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев облус аймагындагы каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарын кабыл алып, көйгөйлөр менен таанышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев облус аймагындагы каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарын кабыл алды. Облус казысы мечиттердин документ иштери эмне себептен кечигип жаткандыгы боюнча имамдардын маалыматын угуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштөө тапшырмасын берди. Муну менен катар облус казысы терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапка жол бербөө, жаштар менен иш алып барууну тапшырды.

«Мечиттердин каттоосу боюнча казынын орун басары Абдусамат уулу Өмүрзак ажыга маалымат берип туруңуздар. Ошондой эле айыл аймактарында жаштар менен иштеп, терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек»,-деди облус казысы.