Мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топ Нарын облусундагы имамдар менен жолугушту

 Мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Асанбай ажы Бекматов баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлдөрү иш сапары менен Нарын облусуна барышып, мечиттердин каттоосу боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышышты.  Жумушчу топ алгач өз ишин Кочкор районунан баштап, жолугушууга Жумгал, Кочкор райондорунун имамдары жана облус казысы  Эрик ажы  Молдокулов  катышты.

Имамдар менен болгон жыйында мечиттерди каттоого тиешелүү документтердин туура толтуруу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу тапшырмалары берилди.

Андан соң имамдар менен жолугушуу Нарын облустук казыятында уланып, ага Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын району жана Нарын шаарынын имамдары катышты. Ал эми Мечиттердин каттоосу боюнча жумушчу топтун төрагасынын орун басары жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов №5 токтомдун аткарылышы жана казыят, хатибияттардын кириш-чыгыш иш кагаздарын так болушу жана үшүр, зекет маселесин элге түшүндүрүү керектигин билдирди.