Ош шаарындагы дин кызматкерлери шаар казысына нике каттоо журналы, терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча маалымат беришти

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине  жыйын өтүп, анда шаар казысы Мурзакул кары Осмонов нике каттоо журналы, бирдиктүү жума баянын жөнгө салуу жана жума намазынын убактысына көңүл буруу, ысырапкорчулукка жол бербөө, терроризм экстремизмдин алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү тапшырмаларды аткаруу боюнча маселелер боюнча имамдардын маалыматын укту.

Жыйында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев жана баш имам-хатибдер Исак ажы Юнусов менен Абдилазиз ажы Абдурахманов аймактагы диний жаатта болуп жаткан иштер менен тааныштырышты.