Бакай-Ата районунда хатибияттар арасында кичи футбол боюнча турнир өтүп, анда 6 команда күч сынашты

Бакай-Ата районунунда хатибияттар арасында кичи футбол боюнча турнир өтүп, анда 6 команда күч сынашты. Оюн чоң атаандаштык менен өтүп,  жыйынтыгында  биринчи орунду  облустук казыят ээлесе, экинчи орунду Бакай-Ата району алды.  Үчүнчү орунду Талас району багындырды.  Спорттук мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар,  кубок жана акчалай сыйлыктар берилди.

«Кийинки турнирди өткөрүү үчүн Кара-Буура районунун хатибиятына тапшырылды. Спорт ынтымагыбызды бекемдеп, дин кызматкерлеринин арасындагы достукту, байланышты жакшыртат»,-деди облус казысы.