КМДБнын башкы бухгалтери Лейлек, Сүлүктү хатибияттарынын бухгалтердик эсеп-кысап жана каржылык документтерин текшерип, өзүнүн сунуштарын айтты

 Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын бухгалтерия бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Жуманов Лейлек, Сүлүктү хатибияттарынын бухгалтердик эсеп-кысап жана каржылык документтерин текшерип, өзүнүн сунуштарын айтты. Муну менен катар КМДБнын башкы бухгалтери муфтият бардык тармакты электрондоштурууну колго алып, учурда пландалып жаткандыгын билдирди.

«Эсепти күн сайын кылып, өзүбүзгө отчёт берип туралы. Андыктан бухгалтерияга байланыштуу бардык иш кагаздарды так жана ачык жүргүзүү керек»,-деди Жуманов.