Жоробай ажы Шергазиев: ынтымак менен жуурулган коом бекем болот

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Жалал-Абад шаарындагы «Насридин ата » атындагы борбордук жума мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп,  «инсандын кулк-мүнөзү», «тарбия», «ынтымактын маанилүүлүгү» темаларында жума баянын жасады. Муну менен катар өлкө башчынын жарлыгын жана  КМДБ тарабынан чыккан фатваны түшүндүрүп берди.

«Тарыхта бизди кармап турган, улуттук жана руханий дөөлөттөрүбүз экендигин унутпашыбыз керек. Кечээ болгону сыяктуу эле бүгүн дагы, ынтымагыбызды ыдыратып, ыйык дөөлөттөрүбүздү жок кылууну эңсегендер болот. Мындай иш-аракеттер, кыраакылык сапатка ээ болгон элибиздин бекем ыйманынын аркасында албетте ийгиликке жетпейт. Биз каалаган ынтымакка келүү, мусулман калкыбыздын чын көңүлдөн бири-бирин сүйүп бир туугандык сезимин бекемдөө менен ишке ашат. Катуу шамалга туруштук бербей сапырылып учкан кумду, цемент менен аралаштырып жуурулгандан пайда болгон цемент кандай бекем болсо, ынтымак менен жуурулган коом дагы ошондой эле бекем болот»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.

Ушундай эле жолугушуу Жалал-Абал облусунун башка дагы райондорунда болуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтият кызматкерлери баяндамаларды жасашты.