Бүгүн, 2-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун “Солихийн жума” мечитинде Сузак, Тогуз-Торо районунун жана Жалал-Абад шаарындагы дин кызматкерлерине өткөрүлгөн “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Окуу семинарына 300 имам катышып, атайын сертификаттарга ээ болушту.
Имамдарга сертификат тапшыруу саамалыгына Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышып, “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары аймактардагы имамдар үчүн пайдалуу жана Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасын терең үйрөнүүгө чоң өбөлгө болгонун баса белгиледи.