Аялдар арасындагы диний сабатсыздыкты жоюу максатында Кадамжай райондук хатибияты 3 күндүк окуу курсун баштады

Кадамжай райондук  хатибияты облустук казыяттын тапшырмасы менен аялдар  үчүн “Маракул фалах” китеби боюнча 3 күндүк окуу курсун баштады. Окутуунун максаты  аялдар арасында диний сабатсыздыкты жоюу жана билимдерин жогорулатуу болуп саналат.

Окуу курсуна 100 аял катышып, аларга Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Саидакмат Аппазов жана Кадамжай районунун баш имам-хатиби Ибрахим Хаиткулов сабак беришүүдө.

“Бул үч күндүк окуу дагы аздык кылып жатат. Ушундай кыска мөөнөттүү окууларды байма-бай өткөрүү керек.  Бул окуудан биз салттуу ислам дини, мазхаб боюнча кеңири маалымат алдык”,- дейт катышуучулардын бири.

Ушундай эле окуу курсу мечит имамдарына да уюштурулуп, анда имам Матуридий акыйдасынын “Акыйда Тахавия” китебинен сабактар өтүлүп, Баткен казыяты тарабынан атайын сертификаттар берилди.