Талас шаарындагы имамдар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы элге жеткирүү, ысырапкорчулукту токтотуу, терс диний агымдардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүштү

Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов шаардагы борбордук Аль-Ааль Байт мечитинде имамдардын жыйынын өткөрүп, анда Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча элге баяндамаларды жасоо, ысырапкорчулуктун алдын алуу, коомчулукту терс диний агымдардын азгырыгынан сактоо боюнча маселелер каралды.

Муну менен катар баш имам-хатиб облустук казыят жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат алып, мечиттердин каттоосун тездетүү тапшырмасын берди.