Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, казыят тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, казыят тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышты. Ошондой эле облус казысы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгынын аткарылышы жана  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №1 фатвасы боюнча баш имам-хатибдердин маалыматын укту.

«Шарияттык никени каттоо жүргүзүү үчүн  дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк  документтерин (паспортторун) талап кылат жана мыйзамдын талаптарына жараша 18 жашка толгон жарандарга гана нике кыюу  жөрөлгөсүн шарияттын негизинде өткөрөт. Бул жаатта имамдарыбыз бир жолго түшүп калды. Эми ысырап жана КМДБнын фатвасын элге туура түшүндүрөлү. Ошондой эле мечиттердин каттоосу боюнча иштейли»,-деди облус казысы.

Ал эми райондун баш имам-хатибдери ысырапкорчулуктун алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринде имамдар жалгыз болуп жаткандыктарын айтышып, облус казысына өздөрүнүн сунуштарын беришти.