Байлык жүрөгүңдө эмес, колуңда болсун

Ислам дининде ибадат, дене-мүчө менен аткарылуучу ибадаттар, мал-мүлк менен аткарылуучу ибадаттар, мал-мүлк жана дене-мүчө менен аткарылуучу ибадаттар болуп, үчкө бөлүнөт. Көрүнүп тургандай эле Ислам дининде мал-мүлк менен аткарылуучу ибадаттардын орду чоң болуп саналат. Байлык адамды бузат деп көп айтышат. Бул сөз канчалык тууралыгын карап көрөлү.

Эгерде байлык колуңузда болуп, берешен жана шүгүрчүл инсан болсоңуз, анда коомго пайдасы тийген (жол, көпүрө, мектеп, мечит ж.б.у.с.)  сооптуу иштерди жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу сахабалар жашоосунан бир топ үлгүлөрдү келтирүүгө болот. Мисалы: Усман бин Аффан (р.а.) Мадинадагы Рума кудугун мусулмандар үчүн сатып алгандыгы, Абу Бакр Сыддык (р.а.)  мусулман болгондугу үчүн кыйноолорго дуушар болгон Билалды (р.а.) сатып алып, кулдуктан боштондукка чыгаруусу,  Мадиналык ансарлар Меккеден көчүп келген мухажирлер үчүн берешендик менен өз байлыгынан бөлүшүүсү ж.б.у.с .
Мал-мүлкүн жакшылык иштерге сарптагандар тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндайт:

«Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Аллах кимге кааласа көбөйтүп берет. Аллах – Жоомарт, Билүүчү.» (Бакара сүрөөсү 261-аят)

«Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптагандарын кийин колко (милдет) кылууну, жагымсыздыкты эрчитпегендердин сооптору Эгелеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгы да жок» (Бакара сүрөөсү 262-аят)

«Мал-мүлкүн Аллахтын ыраазылыктарын көздөп сарптагандар жана өз напсилерин бекемдегендер – дөңсөөдөгү бакчага окшош: Ага нөшөр жааса эки эселеп түшүм берет. Эгерде жаабаса, (ага) себелеген жамгыр (деле жетиштүү). Аллах – эмнени жасасаңар (да баарын) Көрүүчү.» (Бакара 265-аят)

«Мал-мүлктөрүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) – Эгелеринин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт.» (Бакара сүрөөсү 274-аят)

Эгерде байлык колуңузда эмес, жүрөгүңүзгө өтсө, анда сиз сараң жана шүгүрсүз инсанга айланып, өзгөлөрдү эмес, өзүн ойлогон адам катары эч кандай соопко ээ боло албастан, дүйнөгө болгон сүйүүңүз артып, акыретти унутуп койосуз. Адамдын жүрөгүнө байлыкка сүйүү орногон болсо, ал адамдын напси эч качан тойбойт. Ал адам тойбогон напсисин кандыруу үчүн өзүнө тиешелүү мал-мүлк менен гана чектелбестен, башкалардын колундагы нерсесине көз артып баштайт. Бул аны күнөө иштерди жасоого алып барат. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда:

«Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жешиңер үчүн акимдерге алып барбагыла!» (Бакара сүрөөсү 188-аят)

«Жетимдердин мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле[4] жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!» (Ниса сүрөөсү 2-аят)

«Алар өздөрүнө тыйуу салынганына карабастан сүткордукту[165] алгандыктары, акысы жок болсо да адамдардын мал-мүлкүн жегендиктери үчүн Биз алардын арасынан чыккан каапырларга оорутуучу азапты дайардадык!» (Ниса сүрөөсү 161-аят)

Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Чыныгы байлык мал-мүлктүн көптүгүндө эмес, көнүлдүн токтугунда”-деп айткан.
Инсан качан гана жүрөгүндө Аллах Таалага болгон сүйүүсү орногон болсо, канаат кылуу, шүгүр келтирүү менен өз напсисин башкара алат. Бул тууралуу кереметтүү Куранда: “Аллахты эстегенде жүрөктөр тынчтык табат” (Раад сүрөөсү 28-аят)

Аллах Таала мал-мүлктүн берилиши да сыноо экендиги боюнча кереметтүү Курандын төмөнкү аятында билдирген:
«(Эй, момундар!) Силер мал-мүлкүңөр жана напсиңер аркылуу сыноодон[206] өткөрүлөсүңөр, силерге чейин Китеп түшүрүлгөндөрдөн жана мушриктерден[207] көптөгөн ыза кылуучу сөздөрдү угасыңар. Эгер сабыр кылып, Аллахдан корксоңор, анда бул – иштердин максатка жеткени.» (Али Имран сүрөөсү 186-аят)

Айтоор акча колдун кири деп бекеринен айтылган эмес. Ошондуктан, байлык жүрөгүңүздө эмес, колуңузда болсун.

Даярдаган: Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Акпарали уулу Алибек