Жан дүйнө жана акыл парасат

“Напсиге жана аны жайгаштырган затка ант! … Кимде-ким аны (напсини) тазаласа, сөзсүз ийгиликке жетет. Ал эми кимде-ким аны жамандыкка агытса, сөзсүз зыянга учурайт…”

(Ас-Шамс сүрөөсү; 7-10;)

Ассаламу алайкум урматтуу биртуугандар, алгач өзүбүзгө өзүбүз:

  • Адамды адамдык акыл касиеттерге жеткирген, аларга ээ кылган эмне?-деген суроо узатып көрөлү. Анан терең ой жүгүрткөн соң, ошол ойлорду тыянактаган акыл эске келип такалып:
  • Адамды адам кылган акыл-эс го. Ал эми акыл-эсти калыптандырган тарбия эмеспи. Адам баласына туура жолду көрсөтүп койгон Аллах Тааланын тарбиясына барып такалабыз.

Жараткан, жер менен асманды адамзаттын кызматына ыроолоду. А адамды болсо, бул чексиз аманаттардын жана Өзүнүн алдында эч бир жоопкерчиликсиз, ээн таштап койгон жок. Аллах Таала инсанга өзүнүн эң эле туура мыйзамдары, Пайгамбарлары аркылуу туура жашоонун, өмүр өткөрүүнүн ачык-айкын багытын, ыңгайын көрсөтүп берди. Ошону менен кошо Жаратуучубуз бизге аталган бул сынак дүйнөсүндө жагымдуу эркиндик менен олуттуу жоопкерчиликти айкалыштыра, тең салмактуулукту сактап, өмүр кечирүүбүздү талап кылды. Бул чындык Ыйык Курани Карим аятында мындайча түшүндүрүлөт:

“Аллах көк асманды көтөрдү жана тең салмактуулукту сактоо үчүн таразаны койду. Тең салмактуулукту асты буза көрбө.” (Ар-Рохман сүрөөсү; 7-8;)

Бул аят, аалам менен инсандын өтмө катар айкалышуусу керек экендигин билдирет. Ушул кең ааламда мыйзамсыздыктын учкуну байкалбаган таризде адамзат Аллах Таалага карай алган багыты менен байланышын үзбөстөн, напсиге алданбастан, жолдон чыкпастан түз гана өмүр сүргөнү оң. Аллах Таала бүт ааламды акыл жеткис укмуш тен салмакта жаратты. Жаратканым белгилеп койгон чектен чыга турган болсок, тең салмактуулук жоголуп, жашообуз “аттиң” деп тилибизди тиштей турган абалга жетери шексиз. Жаратканды тааныбаган, андан коркпогон адамдар бул дүйнөнүн миң кубулма, алдамчы жыргалына жетеленип кетип, жолдон адашат. Мындай адамдар Жараткандын ааламдык мыйзамы жана кооз, көркөм дүйнөсү менен айкалыша жашап, эң ыйык, баалуу эрежени аңдап, түшүнө алышпайт. Ошол себептүү, өмүрлөрү азап, түйшүк, ызы-чуу, кайгы-муңдун, кайдыгерлик менен алдамчылыктын туткунунда өтөт.

Дегинкиси, өзүмчө олтуруп, ойлонуп, акыл өзү кош миздүү бычак сыяктуудур деп чечим чыгарам. Анткени ал, адамды жаман жолго дагы, жакшы иш-аракет жасоого дагы түртөт. Адам, акылдын болгон күчүн колдонгон күндө дагы пенделик дарамет аркылуу жете турган жогорку даражадан ары өтө албайт.

Эгерде биз, кайсыл бир талаа же айдоо жерди канчалык кара топурактуу кылып элестпейли, ал жерге суу жетпесе, жамгырдын бир тамчысы  тамбаса, күн тийбесе, жел согуп турбаса, ал жер бизге түшүм эмес, отоо чөп дагы бербей тургандыгы айкын. Ошол сыяктуу эле, адамдын жүрөк, ой жүгүртүү ааламы жанагы кара топурактуу жердин мол түшүм берүүсү үчүн  күн нуруна, сууга, жамгырга, желге муктаж болгондой, адилеттүүлүктүн, сабырдуулуктун, боорукердиктин, ырайымдуулуктун, мээримдүүлүктүн, такыбалык менен кичипейилдиктин, кеңпейилдик менен сыпаалыктын үлгүсүнө муктаж болот.  Ошол үлгү, Пайгамбарлардын (а.с.) жүрүм-турум, кулк-мүнөзү, алар алып келген китептер. Келгиле урматтуу мусулман биртуугандар, окурмандар, ошол сыпаттарды үйрөнүүгө бар күчүбүздү жумшайлы.

Даярдаган: Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыятынын катчылык жана маалымат адиси Жунус Дюшеков