Чүй айылындагы эски мүрзөнүн айланасы тосулуп, тазаланды

Чүй районунун Чүй айылынын имамы  Таштанбек Токтошалиевдин демилгеси, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен  айылдагы мүрзөнүн айланасы тосулуп, тазаланды. 

Бул ишке айыл тургундары, аксакалдар жана “Улукман”, “Шабдан-Ата” борбордук мечитинин жамааты катышып, айыл имамы жергиликтүү тургундарга ыраазычылыгын билдирди.

«Жалпы эл айыл өкмөткө кайрылган элек. Бүгүн минтип мүрзөнүн айланасын курчоого каражат бөлүнүп, керектүү жабдыктар алынды. Ким, кандай, эмне болбосун баарыбир акыры бара турган жайыбыз бардыгыбыздыкы бир. Эртели-кеч баарыбыз кабыр жашоосуна дуушар болобуз. Эң акылдуу инсан өлүмдөн мурун өлүмдөн кийинкиге даярданган деп куттуу хадистерде келет. Жаш туруп, ушундай соопту иш-чарага активдүү катышкан айыл жаштарына дагы ыраазычылык билдиребиз»,-деди Таштанбек Токтошалиев.