Баткен облусунун казысы Лейлек районундагы каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жолугушуп, тоскоолдуктар менен таанышышты

Баткен облусунун  казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана казыят кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы каттоодон өтө элек мечиттердин  имамдары менен жолугушуп, тоскоолдуктар менен таанышышты. Облус казысы имамдарды жергиликтүү бийлик  менен тыгыз кызматташууга чакырып, мечиттин тез арада каттоодон өткөрүү боюнча   тапшырмаларды берип,  өз ишине көңүл кош мамиле кылгандарга чара көрүлөрү айтылды.

Облус казысы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө  жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын айтып, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.