Баткен облусунун казысынын орун басары «Абдулла ибн Аббас» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерден кабар алды

Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов Баткен облусунун Разаков  шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерден кабар алды.

Жолугушууда Муса ажы Жолдошов студенттерге илим алуу тууралуу маектешип, окуучуларды терең билим алууга үгүттөдү.

«Азыр билим алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Алланын элчиси с.а.в. мындай деген: «Илимди талап кылуу ар бир мусулманга парз. Чындыгында илим талап кылуучуга бардык нерсе, жада калса деңиздеги балык дагы истигфар айтат. (Ал үчүн кечирим сурайт)»,-деди Муса ажы Жолдошов.