ОшТУдагы студенттерге диний чөйрөдөгү концепциясынын артыкчылыктары боюнча маалыматтар берилди

Кечээ, 12-сентябрь  күнү Ош облусунун Ош технологиялык университетинин колледжинин жыйындар залында студенттерге 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк-аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун баш  имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана дин кызматкерлери катышты.

Студенттер менен болгон жыйында ДИМКтин түштүк-аймактык бөлүмүнүн башчысы   мамлекеттин диний чөйрөдөгү саясаты, дин багытындагы мыйзам актылары жана жаңы кабыл алынган концепциясынын артыкчылыктары боюнча маалыматтарды берди.

Ал эми Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Исакбай Мурзабековго терең ыраазычылык билдирип, билим алып жаткан студенттерди китеп окууга чакырды.

«Курандын эң эле алгачкы «Оку» деп келет. Демек, ислам дини үйрөнүүгө, билим алууга, маалыматка ээ болууга чакырат. Динибиздеги кырк парздын бири да дал ушул илим алуу болуп саналат. Пайгамбарыбыз (САВ): «Илимди Кытайдан болсо да ал»-деген. Дагы бир хадисте: «Илимди бешиктен кабырга чейин алгыла»-деп айтканы баарыбызды илим-билим алууга чакырат. Илим алууда же кандайдыр бир маалыматка ээ болууда анын негизги булагына көңүл буруу кажет. Кээде исламда болбогон нерсени исламга таңуулашат же тескерисинче исламда бар нерсени жокко чыгарышат. Ушунун баары маалыматтык булактардан кабарыбыз аз экенин  далилдейт», — деди Өзгөн районунун башкы имам-хатиби.