Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстанда өтүп жаткан дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съездине катышууда

Бүгүн, 14-сентябрда Казакстан Республикасынын Эгемендик сарайында дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съезди башталды. Жыйынга Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев катышып, дүйнөдөгү эң кадырлуу руханий лидерлерди чогултуп, диалог түзүү Казакстан үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

«Съездди өткөрүү Казакстан саясатынын өлкөдөгү жана бүткүл дүйнөдөгү диалогду жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү багыты болуп саналат. Мурунку форумдарда кабыл алынган билдирүүлөрдө кандай идеялар болбосун, радикализм, зордук-зомбулук жана чыр-чатактар ​​дайыма сынга алынып келген. Азыркы кыйын мезгилде диний жетекчилер бир дасторконго отуруп, ар кандай чыр-чатакты жеңе турган жакшы иштин үлгүсүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүү маанилүү. Менин оюмча, бул биздин съезддин негизги миссиясы жана уникалдуулугу», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Дүйнөлүк жана салттуу диний лидерлердин 7-съездине КР Дин штери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Египеттеги Аль-Азхар университетинин дин аалымы имам Ахмет Тайып, Ватикандын жана католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск, Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы Наурызбай ажы Таганулы, Россия Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана Россия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин, Тажикстандын Уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдукодирзода, Кавказ мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Пашазаде,  Египеттин Вакф министри Мухтар Жума, Сауд Арабия Падышалыгынын  Ислам иштери боюнча министри Абдулатиф ибн Абдулазиз аш-Шейх, Москва  жана бүткүл Россиянын Патриархынын викары митрополит Антони Волоколамский, Израилдин башкы сефард раввини Ицхак Иосиф жана диний ишмерлер катышып, сөз сүйлөштү. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш видеокайрылуу жөнөтсө, сенаттын төрагасы – Маулен Ашымбаев жыйынга модераторлук кылды.

Съезд эки күнгө созулуп, пленардык жана секциялык жыйындарда диний ишмерлер докладдарын окушат.