Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Түрк тилдүү мамлекеттердин Муфтийлери менен жолугушуп, кызматташуу жана алаканы бекемдөө талкууланды

Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы Наурызбай ажы Таганулы Казакстанда өтүп жаткан дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съездинин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин Муфтийлери менен жолугушту.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдат Амиреев,  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев,  Кавказ мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Пашазаде, Түркмөнстандын баш муфтийи Ялкап Хожагулев, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Хамиджан ажы Эшматбеков катышып,  диндер аралык достукту чыңдоодо, түрк тилдүү мамлекеттеринин руханий биримдигин, диний ишенимдерин, каада-салттарын жана жалпы мурастарын жайылтуудагы дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин ролу талкууланды. Муну менен катар Матуридий акыйдасы, Ханафий  мазхабын калк арасында жайылтуу, диний билим берүү тармагы талкууланды.

«Өз кезегинде руханий байланышты чыңдоо эң маанилүү багыттардын бири. Бүгүнкү тарыхый жолугушуунун өзү биздин ортобуздагы достук мамиленин өсүшүнө чоң түрткү берет деп ойлойм», — деди Казакстандын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таганулы.

Жыйында Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан сунушталган түрк мамлекеттеринин “Муфтийлер кеңеши” документинин долбоору даярдалды.