Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев имамдарга жыйын өтүп, кыш мезгилине даярдык жана мечиттердин жылуулугун камсыздоо тапшырмасын берди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жогорку-Май айылында баш имам-хатиб Акылбек Эсеналиев  имамдардын кезектеги көчмө жыйынын өткөрүп, анда кыш мезгилине даярдык жана мечиттердин жылуулугун камсыздоо, өрт коопсуздугунун алдын алууда шиттерди  орнотуу маселеси каралды. Муну менен катар ысырапкорчулукту токтотуу, мечиттердин каттоо маселелери боюнча маалыматтар угулуп, баш имам-хатиб кийинки  көчмө жыйын октябрь айында Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында өтө тургандыгын билдирди.