Ысык-Көлдөгү дин кызматкерлери ислам каржылоо принциптери боюнча уюштурулган 2 күндүк окуу семинарын аякташты

Ысык-Көл облусундагы 15 дин кызматкери Улуттук банк  тарабынан уюштурулган ислам каржылоо принциптери боюнча уюштурулган 2 күндүк окуу семинарын аякташты.

Окуу семинарын ислам финансылык кызмат көрсөтүү кеңеши (IVCB), ислам эл аралык соода финансы корпорациясы (ITFC), Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу, аудит уюму (AAOIFI) жана Улуттук банктын ишмердүүлүгү туурасында атайын өкүлдөр Назар Мурзаев, Айсулуу Тынышова презентация кылышып, кеңири маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө ислам банк ишин өнүктүрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде көп иш-чаралар болуп жатат. Ислам банкинги өлкө аймагында акыркы он жылдан бери жөнгө салынып, өнүгүүгө ишенимдүү кадам таштоодо”,-деди  Ислам өнүктүрүү банкынын  Улуттук банктагы ислам каржылоо принциптери боюнча консультанты Жумадыл Акматжан.