Алипбек Борошбаев: балдардын ыйманына, адеп-ахлагына жана чөйрөсүнө көңул бурушубуз зарыл

Жалал- Абад облусунун Токтогул районунун баш имам-хатиби Алипбек  Борошбаев    Кызыл-Туу айылындагы “Биримкулов” атындагы мектеп-гимназиянын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда баш имам-хатиб окуучуларга кылмыштуулуктун, рекетчилик жана уурулуктун шарияттагы ордун айтып, билим алууга чакырды. Муну менен катар өз өмүрүнө кол салуу, зынаа жана зордук-зомбулуктун ислам дининдеги ордун айтып, кандайдыр бир кыйынчылык же суроо жаралган болсо ата-энеге же мугалимдерге тартынбастан айтуу керектигин баса белгиледи. 

«Адам баласына берилген жан аманат жана ага аяр мамиле жасашыбыз маанилүү. Инсан бул жашоодо көп эмгек кылып, алдына максат коюп жашашы керек. Андыктан, биз жаштарды билимдүү кылып тарбиялап, ошол эле учурда ыйманына, адеп-ахлагына жана чөйрөсүнө көңүл бурушубуз зарыл»,-деди Алипбек  Борошбаев.