Кеминдин баш имам-хатиби Куттубек Дүйшебаев Жаңы-Алыш айылынын жашоочулары менен жолугушуп, жаштардын ыйманын жана адеп-ахлагын көтөрүү боюнча сүйлөштү

Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек Дүйшебаев Жаңы-Алыш айылына иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда баш имам-хатиб ынтымакты бекемдөө, улуттар аралык достукту чыңдоо, жаштардын ыйманын жана адеп-ахлагын көтөрүүдө ата-энелер менен иштөө керектигин билдирди.

“Ата-эне балдарына туура жолду көрсөтүп, тарбиясына көңүл буруусу керек. Айыл аксакалдары жаштарга акыл-насааттарын айтып, кыргыздын каада-салт, үрп-адаттарын дагы үйрөтүш керек. Ал эми биз дин кызматкерлери руханий жактан агартуу аракетин көрөлү”,-деди Куттубек Дүйшебаев.