Сокулуктун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев жалпы имамдар менен жолугушуп, ысырапкорчулукту токтотуу жана мечиттерди каттоодон өткөрүү маселесин талкуулашты

Чүй облусунун Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев Шалта айылындагы  «Муса ажы» мечитинде жалпы имамдар менен жолугушуп, терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапкорчулукту токтотуу жана мечиттерди каттоодон өткөрүү маселесин талкуулашты. Муну менен катар кышка даярдык, мечиттерди жылуулоо жана 17-сентябрда өтө турчу жалпы ишембиликке активдүү катышуу маселеси каралды.

«Учурда эл арасында ысырапкорчулукту токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин имамдарыбыз жүргүзүп жатат. Ошондой эле Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча атайын сабактарды мечиттерде уюштуруу керек. Муну менен катар мечиттердин каттоосун улантып, тиешелүү документтерди даярдоодо Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурадил Станов дагы жардам бере турган болду»,-деди Икрам ажы Ырысбаев.