Абдилазиз ажы Абдурахманов: адам акылы менен айырмаланат

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов шаардагы №2065 аскер бөлүгүндө адамдын кадыр-баркы, жоопкерчилик жана өз жанына кал салуу темаларда баяндама жасады.

«Адам акылы менен айырмаланат. Өлүм, маселенин чечими эмес, акыл менен кыйынчылыкты жеңүүгө аракет кылуу зарыл. Анткени, сиздин артыңызда ата-эне, үй-бүлө жана мекен сыяктуу баалуу нерселер турат»— деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.