Муфтият Баткен окуясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түздү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №253 буйругу менен Баткен облусунда болуп жаткан окуялардан жабыркаган мекендештерибизге жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ыкчам штабга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчилиги жана өлкө аймагындагы казылар киришип, райондордун борборлорунда жардам чогултуу пункттарын ачуу боюнча иштер башталды.

Штабдын ишин Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өз көзөмөлүнө алып, уюштуруу иштерин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевге тапшырды.

Муну менен катар Азирети Муфтий өлкөдөгү расмий дин кызматкерлерине намаздарда мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин тилеп, дубаларды кылуу жана хатм Курандарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди. 

ЭСКЕРТҮҮ: райондун борборлорунда ачылган жардам чогултуу пункттарынын даректери боюнча кошумча маалыматтар берилет.