Ош шаарында Баткен окуясында жабырлангандар үчүн жардам чогултуу жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов Ош шаарындагы Баткен эли үчүн жардам чогултуу пункттарына барды.

Мурзакул кары Осмонов жардам чогултуу пунктарын уюштурган ыктыярчы жаштар менен жолугуп, терең ыраазычылык билдирип, аларга дем-күч берди.

«Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» дегендей, биримдик, ынтымак бар жерде береке болот. Аллахым эл үчүн кылган кызматыңыздардан ыраазы болсун», – деди шаар казысы.

Ошондой эле, ушул сыяктуу иш-чараларга шаардагы дин кызматкерлери да активдүү катышып жатканын белгилеп, шаардыктарды казыят тарабынан ачылган жардам чогултуу пунктуна да барып, жардам берсе болорун кошумчалады.