Ошто Баткенден эвакуацияланган 60 жаран жайгаштырылып, дагы 380 кишиге орун даярдалды

Ош облусунда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган жарандарды кабыл алуу уланууда. Учурда Сулайман-Тоо мечитине 20, «Бакалбай ата» мечитине 20, «Умар» мечитине 21 адам жайгаштырылды.  

Ошондой эле Ош облусундагы «Абдыжапар» ислам институту, «Абдурахман ибн Ауф», «Салман Фарси», «Абу Ханифа», «Имам Аль-Бухари», «Бибисара» медреселери жана «Зулпу», «Аиша эне» окуу борборлору сыяктуу ДОЖдор 380 адамды кабыл алууга даяр турат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев окуя болгон күнү Баткенден келген жарандарды мечит-медреселерге кабыл алууга даяр экенин билдирип, аймактагы казыларга жана диний окуу жайлардын жетекчилерине тапшырма берген. Ошондой эле кандуу окуялардан жабыр тарткан мекендештерге жакындан жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүү боюнча буйрук чыгарган.